Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевге кайрылып, адабият, поэзия, мезгил, адам, рух дүйнөсү, жаштар поэзиясы жөнүндө ой бөлүшүүсүн өтүнгөн элек. Улуу сөз устаты майда-баратын терип-тепчип айтпаганда кыргыз поэзиясын бери дегенде эле үч ирет жаңы бийиктиктерге көтөрүү менен, дүйнөлүк поэзия асманындагы жарык жылдаздардын бири болуп калды. XX кылымдагы кыргыз адабиятын, асыресе кыргыз поэзиясында жаралган бийиктиктерди, күтүлбөгөн бурулуштарды, жаңылыктарды, саамалыктарды Токтогул атындагы Мамлекеттик жана А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук, Жамбыл атындагы Эл аралык сыйлыктардын ээси Сүйүнбай Эралиевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Анда сөз поэзия устатында.
Суроолор менен ойду улам кысып, чектеп олтурбай, жалпы багыттар боюнча, жалпы эле руханий дүйнө, адабият, чыгармачылык талант, акындын өнөрканасы, жаштар поэзиясы тууралуу кандайдыр бир алкакка чектелбей ой бөлүшөйүн деген өзүмдүн да ниетим бар эле.
Түпкүлүгүндө, чыгармачылык жөнүндө сөз болгондо бардыгын талант гана аныктарын бөркүбүздөй көргөнүбүз оң. А талант болсо, акын менен бир жаралган, төрөлгөндө каны менен келген ажайып аалам, чексиз дүйнө. Талантты кимдирбирөө тартуу кылбайт же бирөөнүн таланты бирөөгө жукпайт. Анын табияты ошондой. Кыргыздар “акыл оошот, ырыс жугушат” деп коет. Анысында эч талаш жок деңизчи. Бирок, талант-кайталангыс. Ал адам менен бир жаралып, адам менен чогуу өлөт. Демек, ыр жазуу жөндөмдүүлүгү, биринчи кезекте табияттан, теңирден, калганы ар кимдин өзүнөн. Ал табият тартуулаган кайталангыс шык-кудуретке кандай карайт, аны кантип кастарлап, кантип кадырына жетип барктай алат. Өтөсүнө чыга алабы же жокпу-кептин баары мына ошондо.
Поэзия –өз мезгилинин жандуу портретин түзүп, анын тирүү үнүн башкаларга ошол табигый нукура касиетинде жеткирүү, угузуу озуйпасын аткарат. Андыктан, ал жаңы ойлорго, жаңы идеяларга, интонацияларга, образдар менен салыштырууларга толуп турушу абзел. Ал табылгалар жер катмарынан атылган тунук булактай сезилип, окурмандын рухка чаңкаган суусунун кандырууга жарасын. Бүгүнкү поэзия- асман мейкиндигинен микротолкундар аркылуу келип турган энергия сыяктуу.
Акын ырды эмне үчүн жазат? Бир караганда татаал көрүнгөн менен жообу жөнөкөй эле. Акын өзүнүн инсандыгын, адамдык табиятын, жан дүйнөсүнө бейпил бербеген чындыкты, эмнеге жөндөмдүү экендигин, өзүндөгү МЕНди башкаларга (окурмандарга) далилдеш үчүн жазат. Башкача айтканда, сенин поэзияң адамдар үчүн аларга өзүн-өзү таанууга мүмкүндүк берип, акыйкат жарыгын чачкан күзгү болууга тийиш. Окурман ал аркылуу өзүнүн ички дүйнөсү, андагы карама-каршылыктын тартып, өңү-түсүнө, сырткы турпатына, баскан-турганына чейин көрө алуу керек. Ошондон соң, анын дүйнө, жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрү, көз караштары кеңээт, акыл-эс чабыты өсөт, бир нукка, калыпка түшөт. Сенин мына ошого кудуретиң, акындык дараметиң жетеби, анда ырыңды жаза бер. Болбосо, өзүңдү да, башкаларды да алдаба, убара кылба. “Ырдагы ортозаарлык поэзияны коргондук болот” деген Сергей Есенин. Башкача айтканда, акын турмуштун “шырт” эткенине чейин жүрөгү менен сергек, кылдат сезип, анан аны адамдарга жеткире айта алганга гана өзүн акын дешке акылуу.
Албетте чыгармачыл адам ар дайым изденүүдө болуп, чыгармачылык түйшүк, кубаныч менен жашап, тынымсыз окуп, дүйнөнү сергек акыл-эс менен карап тааныганда гана акыбети кайтып, баягы бош калган көкүрөгү ырга толуп, күүгө келип, жаңы чыгармаларга шык берип коет. Качан, кантип, кайсы убакта калем кармап жазуу үстөлүндө олтурганыңды билбей каласың.
Ар бир акын рух дүйнөсүн өзүнүн көкүрөгүндө аздектеп аео тутуп жүргөн адам. Рухтун алып жүрүүчүсү! А рух дегенибиз эмне, биз аны кандайча түшүнөбүз? Жеке ынанымымда, рух-табияттын адам баласына тартуулаган жарыгы, нуру. Рух-адам жанынын, акыл-эсинин өркүндөшү, бийиктиги, зоболосу. Салыштырмалуу айтканда, акыл азыгы, өмүр кубаты. Салыштармалуу айтканда, акыл азыгы, өмүр кубаты. Адамзатынын беделин көтөргөн да, анын аты дүйнөгө тааныткан да рух. Тарыхтын саргарган барактарына көз жүгүртүп олтурсаң, рухун түгөтүп, жоготуп алган эл-өз алдынча эл болуудан калганын көрөсүң. Демек, кай жерде, качан, кай заман же доордо болбосун рухту тумардай ыйык тутуп, кастарлап, кадырына жете билишибиз керек.
Акындын дагы бир ыйык озуйпасы, милдети-чындыкты жазуу. Чындык, ал-түбөлүктүү, эч качан эскирбейт. Ансыз поэзия тамыры жок дарак, уңгусу жок сөз, тарыхы жок эл сыяктуу. Карабайсыңбы, ошол үчүн Пушкинди канча жыл, канча заман бою окусаң да эскирбей, доор өткөн сайын, анын тарбиятына жараша жаңыланып турбайбы. Чындык-жүрөккө баскан алтын тамга. Аны эч качан кесип ыргытып же өчүрүп-сүртүп сала албайсың. Көрмөксөн болуп, далы салып коюуга да мүмкүн эмес. Мына ошол чындыкты таап жазуу жана таланттуу жазуу-бул акын өмүрүнө жогортон берилген ыйык тапшырма. Ал эми акын жазган чындыкты окурман жүрөгү өзү табат. Ал чындыкта канчалык акыйкат бар экенин көрүп да турат. Анткени, жүрөктө да айтып, түшүндүрүп туруучу тил бар.
Сөз курч курал, демек, анда ошончолук материалдык күч бар. Акын, сен өз дүйнөңдүсөз байлыгыңды башкаларга бер, эгер сен бергеним аш болсун, алган киши ыраазы болсун десең, ырааты бузулбаган жумшак лиризм аркылуу, адамга жарык берчү жан отторуү аркылуу бер.
Бирок бардык учурда мезгилди сез. Мезгил да бир өзүнчө аккан дайра сымал. Бир өзгөчөлүгү-анын акканы угулбайт, көзгө көрүнбөйт. Акырын соккон желаргы даракты, чөптү козгоп өпкөн сыяктуу ал адамды тымызан козгоп-өзгөртүп өтөт. Арийне, биз аны сезбейбиз. Ошондуктан, бүгүнкү сен кандайдыр бир өлчөмдө кечээ күнкү сен эмессиң.
Ал эми акын мезгилдин дабышын угуп турууга милдеттүү. Ансыз ал өзүнүн да, башкалардын да жан дүйнөсүн байыта албайт. Себеби, күтүүсүз пайда болгон көркөм саптар, терең ойлор-баары ошол жактан оргуштап агып келет. Тилекке каршы, руханий дүйнөсүнө алсыз, таланты тайкы акын мезгилине үндөш чыгарма берип деле жарытпайт. А поэзияда жаңы идеалдарга, образдарга, интонацияларга, не бир түркүн салыштырууларга бай ырларды гана өмүр бар.
1960–70- жылдарда биздин поэзияда верлибр менен ак ырдын чоң толкуну, шар аккан суудай агымы болуп өттү. Аларды биз көпкө кабыл ала албай кыйналдык. Анткени, буга чейин биздин акындарда андай жаңычыл тажрыйба жок болчу. Менин “Жылдыздарга саякат” поэмам дал ошол кырдаалга туш келди. Аны таптакыр жеригендер да, жактыргандар да, эки ортодо эки анжы калгандар да болду. Анын айланасындагы талаш-тартыш айларга эмес, жылдарга созулду. Маселе Кыргызстан КП Борбордук комитетинде талкууга коюлганга чейин барды.
Кийин-кийин бул сыяктуу ар кандай изденүүлөр менен табылгалар поэзия үчүн аба менен суудай керек экендигин турмуш өзү далилдеп койду.
Азыр эми “ак ыр” жазасыңбы, “кара ыр” жазасыңбы, аңда эч кимдин жумушу да болбой калды. Көркөм адабият качан да болсо элдин сыймыгы болуп келген. Ал эми поэзия духу өлбөс жана адамдарга эч качан жоголбос дух. Анткени, ал адам жөнүндөгү монолог, адам менен адамды байланыштырып, ортодо сүйүүнү алып чыгуучу илим. Ал жөн бир кумарчылык эмес, бүтүндөй жашоонун мазмуну. Акындын поэтикалык бийик духу окурманга эстетикалык таасир, көтөрүңкү маанай жана жашоого шык берип коет. Немецтин ойчулу Юнгердин: “Эгер акындар жок болсо, дүйнө супсак болмок“ деп айтканы бар. Поэзия адамдын сезиминдеги. Жан-дүйнөсүндөгү, акыл-эсиндеги сырын, туюмун, табышмагын ачып берүүгө чакырылган илим сыяктуу.
Даярдаган Б.Таштаналиев,
“Кыргыз туусу” гезит
2–4 апрель, 2002‑ж.