Кыргызда Сүкөдөй 3 жолу “ат алмаштырган” акын жоктур. Ал адабиятка “Акмөөрдүн” атасындай кирди. Арадан анчалык убакыт өтпөй ак ырдын атасы катары таанылды. Анан уйкаш, өлчөмдүү ырга кайра кайрылып, сөздүн кенин каза алган, каалаганын каалагандай жаза алган акын экендигине таңдандырды.
- Акмөөрдүн өзүндөй кооз, илебиндей ысык дастанды жерде, кандай жагдайда жараттыңыз?
- Пролетарск көчөсүндөгү бир бөлмөлүү квартирада кышында тонго оронуп отуруп жазгам.
- Акындык бактыңызды тапкан соң, ак ырга неге бой урдуңуз? Уйкаштардан жадаганданбы? Уйкаштарыңыз түгөнгөндөнбү? Же атак үчүнбү?
- Мен бир китеп жазсам, жанагы уурдалган кассадай өзүмдө эч нерсе калбайт. Анан мээ материалдык нерсе да, информацияны бере берип түгөнүшү мүмкүн. Акын ошондуктан өзүн жаңылап, өзүн толуктап, дүйнөдөгү поэтикалык бардык булактардын даамын татып туруш керек.
Акын өзү дүйнөнүн туш-тушунан жел соккон үч кошкон, төрт кошкондо тургандай. Болуп жаткан жаңылыктарды төшүн тоскон аскадай кабыл алышы керек.
Кыргыздар күлүктү таптаганда, жабууну аябай жаап алып, алыска кое берип, кара терге түшүрүп, оозун тартып, чукул буруп, түрлүү жолдорго салат. Кыйнайт. Ал эми жорголорду баткакка салат. Жоргосу артат. Күчкө да кирет. Ошол сыяктуу акын да өзүн ар түрдүү жолго салып сынап көрүшү керек.
-“Жылдыздарга саякатты” да “Акмөөрдөй” бир шилтем менен бүттөңүзбү?
-Үч жыл аябай кыйналдым. Изденүүнүн үстүндө болдум. Эки, үч вариант жазып, баарын жаратпай, кийинкисин алдым. 3 жыл бою башка эч нерсе жазган жокмун. Нан алып жегене тыйынсыз калган учурлар болду.
-Ал СССРдеги космостук биринчи поэмалардан го. Москвадагы адабий институтта өзүңүздү катыштырып, поэзиядагы жаңылык кандай болушу керектиги жөнүндө студенттерге сабак өтүлүп, “Жылдыздарга саякаттын” тамгасына чейин талданган тура. Анын алдында өзүбүздө Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросунда каралганы чынбы? Бюродо кароо-тегирменге тирүүлөй салганга тете эле да.
-Поэма “Ала-Тоого” берилип, жарыкка чыга электе “Эралиев ырды бузуп жатса, эч ким унчукпайт” деген арыз ЦК КППССке жетет. Поэманын талкуусу 65-жылдын 1‑мартында Кыргызстан Компартиясынын бюросуна коюлду. Талкуу катуу болду. Кыргызчасы да, орусчасы да туура эмес, орусчасын болсо орустар өзү жазып койгон, мындан көрө чабандын итин жазыш керек дегенге чейин жетишти.
Анан тыныгуудан кийин эле Т.Усубалиев “Поэманы талкуулап жатканыбыз эрте, жолдоштор. “Ала-Тоого” чыгып жаткан экен, чыксын. Эл окусун. Эралиев “Акмөөрдү” чыгарганда жаздыгыбыздын астына коюп алып окуганбыз. А балким, бу да ошондой болор. Алдын ала өйдөтөмөн дебейлик”-деди.
-Сүкө, маселени арсар аяктоо үчүн бюрого коюшчу эмес эле, мында сыр бардыр.
-Талкуу болуп жатканда Москвадан ЦК КПССтин адабият боюнча инструктору, профессор Александр Михайлов деген келип калыптыр. Ал бул поэма жөнүндө мен орустун жана да башка улуттардын эң мыкты акындарынан пикир, баа алып келдим. Баарына жаккан экен. Анан кандай эле силерге жакпай калат? Эртеңкиге да караш керек да. Бүгүн необычный нерсе, эртең обычный болуп калат. Поэзия каякка баратат, турмуш каякка баратат, баамдап көрүү керек” деген сыяктуу сөздөрдү айтыптыр. Аны кийин уктум.
“Жылдыздарга саякат” кыргызча, орусча, башка тилдерде жарык көрдү. Чет өлкөдө китеп болуп чыгып кетти.
Эми ак ыр, верлибр жөнүндө эч ким талашып-тартышпайт. “Бул поэманы атак үчүн жаздыңызбы?” деп жатпайсыңбы? Жок.
Мен атак алайын, даңк алайын деген жокмун. Өзүмдү сынаш, адабияттын жаңы жолун издеш, адабият каякка баратканын, баамдап, анын мүмкүнчүлүктөрүн көрүш үчүн аракеттендим.
-Жана КПСС БКнын өкүлү, профессор Михайлов ар элдин мыкты акындарынын “Жылдыздарга саякат” жөнүндө пикир чогултканын айттыңыз го, алар кимдер экен?
-Эдурадас Межелайтис, Мустай Карим, Кайсын Кулиев, Давид Кугултинов сыяктуулар. Бардыгы “Бул эртеңки поэзия” дешиптир.
-Неткенде да адабиятыбыздагы “Жылдыз согушунда” кай жагынан болсо да жеңип чыкканыңызды мезгил айгинелеп келатпайбы.
-Жок. Биринчи адам болуш керек, анан акын болуш керек. Колдон келсе, өзүн маданияттуу, доордун алдыңкы адамы катары алып жүрүш керек. Поэзия-ыйык нерсе. Кир кол менен кармашка болбойт. Таза акыл-эс, нагыз тунук сезим менен жазыш керек. Поэзияны Кудайдын ырайымы менен түшкөн шоола сыяктуу деп ойлойм.
-Чыгармаларыңызды жат айткандарды, ырдап жүргөндөрдү арбын жолуктурдум. Өзүңүзчү?
-Ырларым эсимде калбайт. Кагаз жардам берет мага дайыма.
Бирок, өзүң айткандай, ырларымы жатка билгендер көп. 60-жылдары бир күнү түндө телефон узак шыңгырады. Алсам, Ашым Жакыпбеков. Көрсө, Москванын мейманканасында Ашым, Жолон катышкан бир катар акындар отуруп “Акмөөрдөн” үзүндүнү кимиси көбүрөөк билери жөнүндө мелдешет да, ага мени калыс кылып телефон чалып, үзүндүлөрдү жатка окуй беришип, 600 сом карыз болушканын кийин айтышкан эле.
-Ал кезде 600 сом эң бер жагы 6 кызматкердин айлыгына барабар эмес беле. Ашыкем Москвадан жөнөөрдө кыйла эле кыйналгандыр анда.
-Кереметтин шарапаты менен кайра жашарып, же жаралып калсаңыз кантер элеңиз?
-Согушта 3 жыл жүрүп, 3 жолу жарадар болдум. Эң акыргы жолкусунда бомбанын астында калып, осколкалардын бутумун аркасындагы чоң тамырлары кыйылган. 6 ай Грузияда госпиталда болдум. Жалаң гана чалкаман жата алчумун.
Айылга жарым жан, эки балдакчан келгем. Медсестра жеткирген. Бирок тагдырыма ыраазымын.
-Партиялык жогорку мектепти, Адабий жогорку курсту бүткөнсүз го?
-Ооба, аларда кийинчерээк окуп калдым. Бирок акын үчүн эң чоң мектеп-бул турмуш мектеби.
Эки жыйнагым чыккандан кийин “Акмөөргө” кириштим өзүмү такыр өзгөртүш үчүн. Анан “Жылдыздарга саякатта” экинчи өзгөрттүм, таптакыр карама-каршы жакка кетип. “Кызгылт багымдатта” өзүмү учүнчү өзгөрттүм деп эсептейм.
Поэзияда эң баалуу нерсе акындык эмоция менен берилчү ой. Ойдун тереңдиги, бийиктиги. Ойдун таасирдүү күчү. Ал эми техниканы ой өзү табат. Дегеле ырдын жаралышы, менимче космос таасиринен. Акын аны менен кандайдыр бир жашырын сырдуу микротолкундар аркылуу байланышкан. Муну эч ким түшүндүрө албайт.
Төлөн Мамытов
“Кыргыз туусу”гезит
11 октябрь, 1996‑ж.