Сүйүнбай Эралиев ‑75 жашта
Бир аз жылдар илгери Кыргызстан Жазуучулар Союзунун алдында турат элек, жибектей созулуп келаткан Сүйүнбай Эралиевди көрө коюп, Байдыкем: “Боз жорго келатат, жол ачкыла!”-деди эле тургандар туш-тушка жарылып жарданып салам берип өткөрүп жибердик. Бу, Байдыкемдин сөзү күнү бүгүнкүдөй кулагыма жаңырып турат. А, кыргыз поэзиясынында, дегеле адабиятында Сүк-бүз боз жорго эмей эмне.
Поэзиянын керемет туу чокусуна. Кылым кыйырынын генийи экенин мен акынмын дегендерден ким танат. Кандай гана айтышпасын агайыма жарашып турат. Жеке пикирим боюнча агайымдын чыгармалары улам кийин ажарына чыкмак. Классикалык музыкага түшүнүү, айрыкча карапайым журттун кулагына куюлушу канчалык татаал, канчалык даярдыкты талап кылат. Мына ошонун сыңарындай жаңы форма, жаңы мазмун таап, өтө терең изденген ар бир сап, “Ак Мөөрү” баш болгон чыгармаларында али ачыла элек сырлар жатат. Бул сырларды бизден кыйын, бизден мыкты муундар ачып-бизден миң эсе, жүз эсе баалайт. Анткени агайым поэзиянын космонавты катары жылдыздарга саякатты алда качан жасап салды. Жакында эле теледен болгон акын Асан Жакшылыков менен болгон маегинде: а, дүйнөдө деле ыр жазып жүрө берет окшойм, ‑дегендей ой айтты. Ал эми өзүнө жаккан бирден бир ыры, мына бул ыры болуп жатпайбы.
БИР ТЕРИНИН ИЧИНДЕ
Адам аккан бир башат,
Өлгөнүнчө ал жашап.
Канча өмүрдү алмашат.
Бир теринин ичинде
Алгач анда балачак
Аздан кийин ал качат.
Аны жаштык алмашат,
Бир теринин ичинде.
Бу, деген не деген керемет ыр. Не деген ойлор айтылып жатат.
Бу, Сүкөбүздүн ырлары классикалык музыкадай деп бекеринен айтып жатканым жок. “Жакшы тайын тартат” дегендей, бала чагынан бапестеп баккан Орозбай таятасынын таалимин алды. Айрыкча жан дүйнөнүн дилин черткен чоң комузчу таятасынын күүлөрүнө кулак какты. Эгерде Мусоргскийдин музыкага болгон шыгы эки жашында ойгонуп жатса-бу, Сүкөбүз “теринин” ичинде жатканды эле күү угуп чоңоюп жатпайбы. Анан кантип ыр ыргактуу чыкпайт. Анан кантип ырлары мукам болуп чыкпайт. Анан кантип ырлары кыргыз күүлөрүндөй күүлөнүп, толкуп чыкпайт?
Айчүрөк Макешова,
жазуучу
“Талас турмушу”, гезит, 25.10.1996