…Артымда жолдор жатат, жолдор жатат,
Чоюлуп чакырымдан чакырымга-
Көп жүрдүм келечекке долбор жасап…
Ашыккан сапарымда акырында,
Кезиктиң, күүлөр ээси-Поэзия.
Алдыма туура тартып бууданыңды.
Ошондо сезген окшойм биринчи ирет,
Сенсиз мен жашай албай турганымды…
Ооба, Сүкө, ажайып Ата-Конушубуздун көз тойгус көркүнөн от алган керемет поэзияыңыз менен эли-журтубуздун суусунун кандырып. Сиз бүгүн адеп ай нуру аймалаган, адеп күн нуру жаймалаган ак чокуда отуруп алып, кут конгон кыргыз жерин, өзүнүз шык алган, жан жүрөгүңүзгө шыпаа сүрткөн кокту-колот, адыр-түзүн, соккон шамал, жорткон желге маектешкен арсак аска, азоо дарыяларын өз түсүндө өлбөс ыргы салдыңыз; көк тукаба тулаңы менен кыз түспөлдүү гүлдөрүнө көңүл балкытып, киши көңүлүнө гүл жыттан, тулаң жытын жоомарт төгүп бердиңиз; төккөндө да жаз жамгырындай төгүп, көңүлдөрдү көктөттүңүз; комуз күүсүндөй төгүп, уккандын ой-кыялын чалкыттыңыз.
Кыргыз жеринин жаратылышы сырдуу да, сүрдүү, анын керемети да, касиети да ошондо экени ырас. А сиз баккан, сиз таптаган талант деле дал ошол табыяттан айрып алгыс сырдуулугунан терең да, керемет да. Анын керемети ушунда-кең дүйнөнү көз карегине батырып, аны кайра миң-миллион каректерге жалт көргөзө саласыз! Мына дал ошону үчүн Сиздин поэзия жаратылыштын өзүндө жаш. Ооба, ал өзүңүз баамдаган-жамгырдай, кардай жааган сайын жаш; батып кайра чыккан Күндөй жаркын да, толуп кайра тууган Айдай жаш экенине ак ниет эл күбө. Ырас Сүкө, жаратылыш өзүнүн керемет сулуулугу-жазы, жамгыры менен жарык дүйнөгө, жанөжаныбарга, киши баласына көнүл куштарлыгын тартууласа. Сиздин мөлтүр ыр сапарыңыз дал ошол жамгыр менен жарык дүйнөгө, жан-жаныбарга, киши баласына көңүл куштарлыгын тартууласа, Сиздин мөлтүр ыр саптарыңыз дал ошол жамгыр тамчыларынан айрып алгыс тунуктукту тартуулап, көңүлдөрдү аруу тазалык менен чайып, жабыркаган ой-санааны сергитип, киши кыялына жашыл майрам келтирет. Адам тирилигинде не бир күтүлбөгөн окуя, кээде трагедиялык кагылыштарга дуушар кылган, кээде адамга канат берип, көкөлөтө учурган-адамдагы эң ыйык, эң тунук-мөлтүр сезим сүйүү баяны, элдин зор тарыхы-“Ак Мөөрдө”, “Жаңыл мырзада” замандардын, доорлордун алмашы, турмуш көчү куду кыргыз асманынан, кыргыз тоосунун башынан тынбай көчкөн сырдуу да сүрдүү булуттардай мезгил көчү, доор-заман көчү элестейт.
Сиз сөз “азоосун” жүгөндөгөн, сөз “тулпарын” тааныган кадимки Толубайдай сөз саяпкерисиз. Ырас, атаңыз –аттын саяпкери, таятаңыз-Орозбай күүнүн саяпкери болсо, Сиз Сүкө бу киши баласынан жүрөгүнө күн тийгизген-ыр саяпкерисиз.
Өзүңүздүн чебер баамдооңуз элге да, өзүңүзгө да кут болсун: кут конгон ырларыңыздын саябаны өзүңүз ыракат алган “Токтонаалынын багындай” кылымдарга кыргызды жыргата берсин. Даңазалуу поэзияңыздын даңгыр жолунан, анын түптүү көпүрөсүнөн миң-сандаган эл тынбай өтүп. “Дөнөнбай арыктан” шаркыраган көккашка өзөндөн-поэзиянын мөлтүр өзөнүнөн мелмел талаа, мөмө-жемиш-эл сезими суусунун кандыра берсин.
Сагындык Өмүрбаев
“Кыргызстан маданиятты”
№ 109 (1453)
12.10.1996