Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы Бишкектеги 61 орто мектебинде да белгиленди. Окуучулар С.Эралиевдин көркөм ырларын окуп беришти. Ошондой эле кароо сынактар, тегерек столдор өткөрүлүп, сүрөт көргөзмөсү өттү.
Чакырылгандардын арасында Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, мектеп кызматкерлери, С.Эралиевдин кызы, неберелери катышты.