С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

15-октябрда 2021 ж. А.Малдыбаев атын­да­гы Кыр­гыз улут­тук ака­де­ми­я­лык опе­ра жана балет теат­рын­да Сүй­үн­бай Эра­ли­ев­дин 100 жыл­дык маара­ке­си бел­ги­ле­нип, жогор­ку деңг­э­эл­де өттү. Мада­ний иш-чаранын ачы­лыш азе­мине Мада­ни­ят, маа­лы­мат, спорт жана жаштар сая­са­ты мини­стри Аза­мат Жаман­ку­лов, Тала­стын губер­на­то­ру Бакыт­бек Нар­бе­ков, Жазу­у­чу­лар сою­зу­нун төра­га­сы Нур­лан Калы­бе­ков, Ака­де­мик Алтай Бөрү­ба­ев каты­шты. Маара­ке акын С.Эралиевдин ырла­рын көр­көм окуу жана кон­церт­тик про­грам­ма менен коштол­ду.