С.Эралиевдин чыгармалары
Жүз жылдар мындан кийин да
Жүз жылдар мындан кийин да
Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келип,
Ушинтип чыгат ушул Ай.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат ушинтип…
Биз жокпуз анда бир гана.
Эралиев Сүйүнбай (I том. Ырлар, поэмалар. ‑Б.: “Турар”, 2011)
С.Эралиевдин ырлары
Жакшы адамдар
Көп болсо дейм жакшы адам,
Жер бетинде жашаган,
Мен аларды көргөндө,
Канча жашка жашарам.
Ургаачыбы, эркекпи,
Жашпы, же бир карыбы,
Ар жакшынын өзүнчө
Бар жүзүндө жарыгы.
Жакшылар бар ар кандай,
Чыга калса жолуңаң,
Күн жарк эте калгандай.
Капа болсон, капаңды,
Окшойт колдон алгандай.
Жүрөгү-күн алардын,
Бөлгөн жарык, нур-шоола.
Алар жерде бар үчүн,
Жеңил бизге жашоо да.
Эралиев С. (Земное время. Стихотворения и поэмы. М.: Художественная литература, 1973)
Жер жөнүндө
Ак шумкар
Ак шумкар деп ким койду экен атыңды,
Акылманбы же бир даңктуу акынбы?
Абалтадан көксөгөнүң көк асман,
Ага ошончо табиятың жакынбы?
Сен дүйнөдө кун жетпеген табылга,
Качан болсо турган алгыр табында.
Учуп чыксаң, кош канатың күркүрөп,
Окшойт сүрдүү зор дайрада агымга.
Сени адамзат сүйүп шумкар атаган,
Ал салт келет урпактарга атадан.
Асманды ээлеп, сүргөн дооруң эрдигиң,
Ал да, балким, алардын ак батадан.
Улуу дагы, бийик дагы даражаң,
Куштар учпай, көктөн сени караган.
Жерге бөгүп, жымырылып калышат,
Ошончолук айбат-даңкың тараган.
Шумкар учса, көздөрүнөн шам жанат,
Шоокумуна бүт айлана шаңданат.
Шумкар учса, коштобостон кош канат,
Алпараткан окшойт аны сан канат…
Жалт карасам, көк зоокалар кырында,
Келатыпсың жаадай сызган сырыңда.
Кереметтүү келишиңди бу жолку,
“Бул-бакыт!”-деп жоруп койдум ырымга.
Жородум да, жерге сыйбай сүйүндүм,
Келишиндей эң алгачкы сүйүүмдүн.
Сыймык кушум, көктөн түшкөн кут болуп,
Кел, конуп ал, түндүгүнө үйүмдүн!
Ак жол басып келиптирсиң атайын,
Акжолтоюм, кел, койнума катайын?
Сен апкелген ушул ырыс-насипти,
Эли-журтум менен бирге татайын.
…
Тааныш жактар
Адамды сыноо жагынан
Согушта жүрүп ал кезде
Эчендер менен таанышкам.
Турушат бүгүн баары эсте
Бир тууган окшоп калышкан.
Келе жатса ок сага
Өзүн тосуп “ме” дегең,
Үзүм наны болсо да
Сен жебесең, жебеген.
Төш какпаган мактанып,
Тоодой эрдик кылса да,
Же койбогон жалтанып
Жер ордунан жылса да.
Керемет жандар болучу,
Эрдиктин жүрөр жолу ушу.
Алар бирге жүргөндө
Жеңил окшоп согушуу.
Казаттан ошо алыскы
Далайы кайтпай калышты,
Алар менен жанымын
Көмдүм мен да жарымын.
…
***
Чыккан күнү, таңы менен бул аткан,
Жели менен гүлдөрдөн жыт бураткан,
Дарактарда тил безеген куштары,
Суусу менен оргуп аккан булактан,
Дүйнө сонун, турмуш кызык, жер укмуш,
Кас санашат кантип анын кылына?!
Бейпил күндөр, ак канаттуу болуп куш,
Бизди узатып келип турсун кылымга!
С.Эралиев (Кызгылт багымдат. Ф.: Кыргызстан, 1987)
С.Эралиевдин ырлары
Таласым
Кар эрип, мөңгү кетип болгондо жаз,
Карасаң айланасын моокуң канбас.
Бак бүрдөп, талаа гүлдөп, куштар үндөп,
Каркылдап көлдө сүзүп көп өрдөк-каз.
Өрүшүн Ала-Тоонун сан мал каптап,
Түзүндө баркыт өңдүү кулпунуп саз.
Турганда, көңүл сергип болоруң чың,
Гүлдөрдүн жел аңкыткан жытына мас.
Багына, байлыгына башка жактан,
Башынан башбакканды кылып алас.
Айтылуу арстандарың өткөн экен:
Алмамбет, Чубак, Сыргак, айкөл Манас.
Бир уулуң, болоттой курч эр Чолпонбай
Кечээ эле бизге асылган душманга кас,
Казатта кайрат менен салгылашып,
Түбөлүк даңк алганын тарых танбас.
Кең Талас далай эрди берген жерге
Сүрүнө, кайратына жоо даай албас!
Эралиев Сүйүнбай (I том. Ырлар, поэмалар. ‑Б.: “Турар”, 2011)
Кыргыздын изин караймын
Жаша жаз
Өзүм болсо коңур күздө төрөлгөм,
Жер турганда анын алтын өртүндө.
А бирок да,
Чөп жаңыдан көгөргөн
Жазды сүйөм,
Башым ийем көркүнө.
“Жаз келди!” деп, жар чакырып жаткандай,
Алдыбызга ырыс-кешик чачкандай
Алтын тыйын-жамгыр жерге бүркүлөт.
Жаз –башталыш,
Жаз-өнүгүш, козголуш,
Бирин бирге улай турган учур ал.
Төрт мезгилде мен көктөмгө дос болуш
Себебим да балким мына бул чыгар:
Жаркыраган жаз болбосо дүйнөдө,
Анда жерде сүйүүлөр да жашабас.
Тирүү жашап, болсун кантип сүйбөөгө?!
Анда эмесе,
Жаша көк чөп!
Жаша жаз!
Эралиев Сүйүнбай (Тандалмалар: Ырлар жана поэмалардын эки томдугу. Ф.: Адабият, 1991)
Кыргыздын изин караймын
***
Күркүрөгөн кең дүйнөнүн ичинде,
кыпын өңдүү бирөөмүн.
Жер айланат,
“Атомбу?” деп күчүндө,
Тыңшайм анын жүрөгүн,
Тамырынын какканын,
Илгертеден бер жакка,
Замандардын кай тарапка акканын.
Угам анда:
Байлап эски аттарын,
Жалаң атом мингенин
Атаандашат кимге ким?
Айталбаймын,
А бүгүн,
Тилимди угат күн менин,
Окшоп, кдуду карусель,
Жер айланат.
Мен да кошо айланам,
Жакын жана алыс эл,
Эчен өлкө,
Калаа бык-бык кайнаган,
Кораблдер жана да,
Якорлорун деңиздерге байлаган
Баары тынбай айланат.
Биз жашаган кылымдын,
Жылуу, муздак шамалы
Бетке ургулап аймалап,
Жылуусуна жылындым,
Муздагына үшүдүм.
Мен-Жер уулу эртеңдерге баратам
Жондон алып, “кал мында,-деп, түйшүгүм!”
…
Алтын жер
Тууган жер ай, сагынганым айтпагын,
Бирок кыйын бүгүн артка кайтмагым.
Бар тилегим-аман турсаң болгону,
Алгач тартып минген жерим ат жалын.
Тызылдаган ойноо кезим элестеп,
Билем, сен да сагынасың мени эстеп.
Кечиккеним кечип күтө бересиң,
Балким аяп, “бекер жүргөн эмес” деп?
Демейдеги тынч күндөрдүн кээсинде,
Таңкы уйкумдан эми ойгонор кезимде,
Үнүңдү угам кулагымда жаңырган:
“Уулум, айтчы, мен бармынбы эсиңде?”
Дүк-дүк этип, туйлап чыгат жүрөгүм,
Дабырты окшоп аттуу келген бирөөнүн…
О, алтын жер, сен бар үчүн дүйнөдө,
Көөнүм толук мен бейкапар жүрөмүн.
…
Жолум
Тоонун кыя долу менен бир таман,
Мен өзүмдү көрөм жалгыз чуркаган…
Ошол жолду тагдырым дейм, мага аны
Белек кылып берген Ата-Журт анан.
Чуркаганым-жашаганга шашылам:
Бүгүн кары кечээ күнкү жаш улан…
Эпкини күч биз жашаган турмуштун
Деңиз окшоп сапырылган, ташыган.
Бөлүп бербей,
Жана бербей жарымды,
Болгонумдуу, колумдагы барымды
Башка менен тең бөлүшүп келемин,
Билбейм кимдер: “Албадык” деп таарынды?
Баарыңа менин ичим аппак пахтадай,
Өмүрүмдү өзүм үчүн сактабай,
Сактап жана кетпей турсам дегеним:
Туулуп өскөн жердин тузун актабай…
…