С.Эралиевдин 100 жылдыгы

15 октябр­да 2021 ж. Кыр­гыз Рес­пуб­ли­ка­сы­нын Баа­ты­ры, акын, Улуу Ата Мекен­дик согу­штун каты­шу­у­чу­су Сүй­үн­бай Эра­ли­ев­дин 100 жыл­ды­гы бел­ги­лен­ди. 

С.Эралиев өзүнүн поэ­зи­я­сын­да мурун-соңгу кезик­пе­ген жаңы ыргак­тар­ды, жаңы боек­тор­ду, жаңы фор­ма­лар­ды таап, кыр­гыз поэ­зи­я­сын өзгөчө бий­ик­тикке көтөр­дү. Кыр­гыз адаби­я­ты­на дүй­нөлүк адаби­ят­тын эши­гин ачкан­дар­дын бири бол­ду. Акын­дын ысы­мы Бор­бор­дук Азия жана Чыгыш элде­ри­нин гана эмес, баш­ка кон­ти­нент­тер­дин да адаби­ят билер­ман­да­ры­на бел­ги­лүү. Акын­дын бий­ик көр­көм­дүк таби­ти­нен жарал­ган жана укму­штай салы­шты­ру­у­лар­га, таа­май сүрөт­төөлөр­гө, поэ­ти­ка­лык ой-толгоолорго бай «Ак жыт­тар», «Уяң жыл­ды­здар», «Көк сулуу», «Жаңыл-Мырзанын кер­э­э­зи», «Ак-Мөөр», «Жыл­ды­здар­га сая­кат», «Мез­гил вок­за­лы», «Жер жана адам», «Кеси­рин­сан» поэ­ма­ла­ры, сан­да­ган лири­ка­лык ырла­ры улут­тук көр­көм сөз өнөрүбүздүн асыл кен­чине айла­нуу менен дүй­нөлүк адаби­ят­тын да казы­на­сын бай­ыт­ты.

«С.Эралиев-биздин улут­тук пара­са­ты­быз. Эмне үчүн деген­де, буга жооп: лиризмдин, сүй­үүнүн, бери­лүүнүн ажай­ып дастаны-«Ак-Мөөр»; элдик фольк­лор­дон алын­ган өзүн­чө бир дүйнө-«Жаңыл-Мырза»; кос­мос сүрөт­төл­гөн, поэ­зи­яда­гы ой чабыт-эстен кет­кис «Жыл­ды­здар­га сая­кат»; азыр­кы циви­ли­за­ция, или­мий жетиш­кен­дик, жүрөк­тү өйүт­көн Чер­но­быль кыр­сыгы, пай­гам­бар­дык менен пен­де­лик фило­со­фи­я­сы, уто­пия менен жашоо тозо­гу, кудай­га теңел­ген адам кубат­ту­у­лу­гу, аны менен катар кан­ча карама-каршылыктар сыяк­туу заман­дын про­бле­ма­ла­ры­на арнал­ган «Кеси­рин­сан» өндүү ж.б.поэмалары, лири­ка­лык ырла­ры, кай­сы­ны­сын алсаң да оргуп тур­ган ой-санаа, көр­көм­дүк, уста­гер­лик, тил бай­лы­гы­нын түгөн­гүс кен­чи бол­гон чыгар­ма­ла­ры; анан да жаштык­тын учкул доорун­да оргу­ган поэ­зи­я­нын кары­ган­ча сакталышы-бул да өзүн­чө бир зор бакыт эмес­пи. Кары­ган­да жаштык жалы­нын өчүр­бөй поэ­зи­я­нын май­да­ны өнүп тур­са мына ошол-далил, мына ошол атак, мына ошол зээн­дүүлүк жана даңк!» Ч. Айт­ма­тов.

Биз­дин бай­ла­ны­штар

Биз соци­ал­дык тар­мак­тар­даб­ыз

Элек­трон­дук поч­та бил­ди­рүүсү