Сүйүнбай Эралиевдин өмүр баяны

Суюнбай Эралиев народный поэт Кыргызстана. Фотография 01.Сүй­үн­бай Эра­ли­ев 1921-жылдын 15-октябрында Талас обла­сты­нын Талас рай­о­нун­да­гу Үчэм­чек айы­лын­да туул­ган. Айты­луу Көка­рык орто мек­те­бин­де билим алган. 1942–1944-жылдарда Улуу Ата Мекен­дин согуш­ка каты­шып, кан күй­гөн май­дан­дын азап-тозогуп тар­тып, өмүр менен өлүм­дүн эмне эке­нин түшүнүп, жашо­онун, тирүүчүлүк­түн баа-баркын башы­нан өткөрүп, эли-жерибизди кор­го­ого өз салы­мын кош­кон.

Үч жолу катуу жара­дар бол­гон­дон кий­ин эл-журтка аман-эсен кай­тып, Талас област­тык “Ленин­дик туу” газе­та­сын­да жооп­туу кат­чы болуп иштейт. 1951-жылы Москва­да­гы пар­ти­я­лык жогор­ку мек­теп­ке кабыл алы­нып, аны ийги­лик­түү бүтүрүп кел­ген­ден кий­ин, 1954–1959- жыл­да­ры “Кыр­гыз­стан пио­не­ри” газе­та­сы­нын редак­то­ру, андан кий­ин узак жыл­дар бою, 1959–1965-жылдарда Кыр­гыз­стан жазу­у­чу­лар сою­зу­нун кат­чы­сы, 1967–1984-жылдарда адабий кеңеш­чи­си болуп иште­ген. 1965–1967-жылдарда СССР жазу­у­чу­лар сою­зу­нун Жогор­ку адабий кур­су­нан оку­ган.

Сүй­үн­бай Эра­ли­ев­дин “Уяң жыл­ды­здар”, “Ак жыт­тар”, «Көк сулуу”, “Жаңыл мыр­за­нын кер­э­э­зи” кыр­гы­здын кый­ы­ры­на тара­ган атак­туу “Ак Мөөр”, жал­пы адам­заттык тата­ал про­бле­ма­лар­га арнал­ган, фило­со­фи­я­лык кең мас­штаб­дуу “Мез­гил вок­за­лы”, “Кеси­рин­сан” поэ­ма­ла­ры жана ори­ги­нал­дуу лири­ка­сы аны кыр­гыз поэ­зи­я­сы­нын туу чоку­су­на алып чык­кан.

Ал эми 1964-жылы жарык көрүп, көп­тө­гөн чет тил­дер­ге кото­рул­ган “Жыл­ды­здар­га сая­кат” поэ­ма­сы кыр­гыз поэ­зи­я­сы­нын өнү­гү­шүн­дө этап­туу көрүнүш болуу менен бүтүн­дөй чыгыш поэ­зи­я­сын­да­гы чоң жаңы­лык бол­ду.

С.Эралиевдин чыгар­ма­чы­лы­гы туу­ра­луу адаби­ят­тын чыга­ан алп­та­ры: Э.Межелайтис, М.Карим, Ч.Айтматов, К.Кулуев, А.Михайлов, ж.б. өз мез­ги­лин­де жогор­ку баа­ла­рын бериш­кен.

Дүй­нө­гө бел­ги­лүү улуу жазу­у­чу Чын­гыз Айт­ма­тов С.Эралиевдин “Жыл­ды­здар­га сая­кат” поэ­ма­сы жөнүн­дө “Жаңы жээк­тин ачы­лы­шы” деген чакан мака­ла­сын­да: “…Эра­ли­ев­дин акын­дык ыкы­ба­лы ушун­дай бол­ду. Ал кыр­гыз поэ­зи­я­сы­нын, ал гана тур­сун, мен айта­ар элем, бүт­күл түр­ки тил­де­рин­де­ги адаби­ят­тын жаңы жээ­гин ачты.”-деп жогор­ку баа­сын бер­ген.

Адаби­ят­чы Кадыр­бек Мати­ев акын­дын “Кеси­рин­сан” даста­ны жөнүн­дө­гү жазы­л­ган “Эрөөл” деген мака­ла­сын­да мын­дай деген: .…”Кеси­рин­сан” өзүнүн поэ­ти­ка­сы боюн­ча кый­ла тата­ал, жогору­да айты­л­ган­дай, көп үндүү, поли­фо­ни­я­лык чыгар­ма. Поэ­ма­нын бай ыргак­та­ры анын ички музы­ка­лык мука­мын, ава­зын, кыра­атын түзүп, акын эркин ырды да, салт­туу ырды да, уйкаш­ты­руу жана уйкаш­сыз ыр түзүлү­штөрүн да пай­да­ла­нып, жаңы мүм­күн­чүлүк­төр­дү ачкан, бей­нелүү жаңы кара­жат­тар­ды, ыкма­лар­ды тап­кан, өзүнүн поэ­ти­ка­лык арсе­на­лын бай­ы­ткан. Мын­да­гы ритмдин кый­ма­лы бир­де туя­гы жер­ге тий­бей зымы­ра­ган кыр­гыз тул­па­ры­нын учка­ны­на окшо­со, бир­де дон аргы­ма­гы­гын тас­ка­гын­дай теки­рең алат, бир­де жор­го­нун жели­шин­дей жымыл­дап сызат…”.

Сүй­үн­бай Эра­ли­ев 1986-жылы Ток­то­гул атын­да­гы мам­ле­кет­тик, 1981-жылы А.Фадеев атын­да­гы бүт­күл­со­юз­дук сый­лык­ка татык­туу бол­гон. 1974-жылы Кыр­гыз ССРи­нин эл акы­ны наа­мы ыйга­ры­л­ган. Акын Биш­кек, Талас шаар­ла­ры­нын ардак­туу жара­ны. Ж.Баласагын атын­да­гы кыр­гыз улут­тук уни­вер­си­те­ти­нин ардак­туу про­фес­со­ру, эл агар­ту­у­нун отлич­ни­ги.

Кыр­гыз Рес­пуб­ли­ка­сы­нын Пре­зи­ден­ти­нин 2006-жылдын 27-октябрындагы Жар­лы­гы менен Эра­ли­ев Сүй­үн­бай­га кыр­гыз эли­нин руха­ний мада­ний каз­на­сы­на кош­кон зор салы­мы, чыгар­ма­чы­лык жана коом­дук иште­ги жаран­дык жогор­ку пози­ци­я­сы үчүн “Ак Шум­кар” өзгөчө бел­ги­син тап­шы­руу менен “Кыр­гыз Рес­пуб­ли­ка­сы­нын Баа­ты­ры” эң жогор­ку артык­чы­лык дара­жа­сы берил­ди.

Акындын сүрөттөрү