Атындагы коомдук фонду С.Эралиевге эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин ысымы берилген.
Сүйүнбай Эралиев – Кыргыз Эл акыны
Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас областынын Талас районундагу Үчэмчек айылында туулган. Айтылуу Көкарык орто мектебинде билим алган. 1942–1944-жылдарда Улуу Ата Мекендин согушка катышып, кан күйгөн майдандын азап-тозогуп тартып, өмүр менен өлүмдүн эмне экенин түшүнүп, жашоонун, тирүүчүлүктүн баа-баркын башынан өткөрүп, эли-жерибизди коргоого өз салымын кошкон.
Үч жолу катуу жарадар болгондон кийин эл-журтка аман-эсен кайтып, Талас областтык “Лениндик туу” газетасында жооптуу катчы болуп иштейт. 1951-жылы Москвадагы партиялык жогорку мектепке кабыл алынып, аны ийгиликтүү бүтүрүп келгенден кийин, 1954–1959- жылдары “Кыргызстан пионери” газетасынын редактору, андан кийин узак жылдар бою, 1959–1965-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы, 1967–1984-жылдарда адабий кеңешчиси болуп иштеген. Көбүрөөк окуу…
Сүйүнбай Эралиевдин популярдуу ырларынан
Кыпын өңдүү бирөөмүн.
Жер айланат, “Атомбу?” деп күчүндө,
Тыңшайм анын жүрөгүн,
Тамырынын какканын,
Илгертеден бер жакка,
Замандардын кай тарапка акканын.
Угам анда:
Байлап эски аттарын,
Жалаң атом мингенин
Атаандашат кимге ким?
Айталбаймын,
А бүгүн,
тилимди угат күн менин,
Окшоп, кууду карусель, жер айланат.
Бирок кыйын бүгүн артка кайтмагым.
Бар тилегим-аман турсаң болгону,
Алгач тартып минген жерим ат жалын.
Тызылдаган ойноо кезим элестеп,
Билем, сен да сагынасың мени эстеп.
Кечиккеним кечип күтө бересиң,
Балким аяп, “бекер жүргөн эмес” деп?
Демейдеги тынч күндөрдүн кээсинде,
Таңкы уйкумдан эми ойгонор кезимде,
Үнүңдү угам кулагымда жаңырган:
“Уулум, айтчы, мен бармынбы эсиңде?”
Эчендер менен таанышкам.
Турушат бүгүн баары эсте
Бир тууган окшоп калышкан.
Келе жатса ок сага
Өзүн тосуп “ме” дегең,
Үзүм наны болсо да
Сен жебесең, жебеген.
Төш какпаган мактанып,
Тоодой эрдик кылса да,
Же койбогон жалтанып
Жер ордунан жылса да.
Мен өзүмдү көрөм жалгыз чуркаган…
Ошол жолду тагдырым дейм, мага аны
Белек кылып берген Ата-Журт анан.
Чуркаганым-жашаганга шашылам:
Бүгүн кары кечээ күнкү жаш улан…
Эпкини күч биз жашаган турмуштун
Деңиз окшоп сапырылган, ташыган.
Бөлүп бербей,
жана бербей жарымды,
Болгонумдуу, колумдагы барымды
Башка менен тең бөлүшүп келемин,
Билбейм кимдер: “Албадык” деп таарынды?
Акындын сүрөттөрү
С. Эралиевдин 100 жылдыгы
15 октябрда 2021 ж. Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди.
С.Эралиев өзүнүн поэзиясында мурун-соңгу кезикпеген жаңы ыргактарды, жаңы боекторду, жаңы формаларды таап, кыргыз поэзиясын өзгөчө бийиктикке көтөрдү. Кыргыз адабиятына дүйнөлүк адабияттын эшигин ачкандардын бири болду. Акындын ысымы Борбордук Азия жана Чыгыш элдеринин гана эмес, башка континенттердин да адабият билермандарына белгилүү. Подробнее…